Элдик Банк жана БУУӨП Кыргызстанда жашыл жана климаттык каржылоо иштерин биргелешкен күч-аракет менен өнүктүрө башташат
«Элдик Банк» ААК менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) туруктуу өнүгүү, “жашыл” жана климатка багытталган экономика, ошондой эле, инновациялык каржы инструменттерин жайылтуу жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Мындай кызматташуунун чегинде тараптар климаттык инвестицияларды тартууда, туруктуу каржы продукттарын иштеп чыгууда жана жайылтууда банк секторунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле, ESG-ыкмаларын каржы институттарынын иш-аракетине интеграциялоо боюнча биргелешип иштөөнү карап жатышат.
"Бул кызматташтык Кыргызстандын банк секторунда климатка багытталган каржы чечимдерди кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. БУУӨП менен бирдикте биз кардарларыбыздын бизнесинде "жашыл" жана туруктуу өнүгүүнү шарттаган продукттарды иштеп чыгуу максатын көздөп жатабыз", - деп, бул документтин маанилүүлүгүн баса белгилеп кетти "Элдик Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.
Мындан тышкары, бул документте кредиттөө ишинде климаттык тобокелдиктерди баалоо үчүн ички инструменттерди кеңири колдонууну жана климаттык факторлорду интеграциялоону кошо алуу менен, климат жана туруктуу инвестициялар чөйрөсүндө билимдерди жана аналитикалык материалдарды алмашуу иштерин арбытуу каралат.
БУУӨПнын Туруктуу өкүлү Александра Соловьева бул өнөктөштүк БУУӨПнын эл аралык тажрыйбасын жана климаттык өзгөрүүлөргө жараша көмөктөшүүдө каржы секторунун потенциалын айкалыштыра аларын баса белгиледи. «БУУӨП экономиканын көмүртектүү изин азайтууга, бизнестин жашыл иштерге басым коюшуна көмөктөшүүгө жана жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жардам берген туруктуу каржы чечимдерин иштеп чыгууну колдойт», - деп айтты Соловьева.
Кызматташтык Кыргызстандын парник газдарынын бөлүнүп чыгарылышын кыскартуу, энергиянын кайра иштелип чыгуучу булактарын өнүктүрүү жана климат туруктуулугун бекемдөө боюнча эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууну колдойт. Мындан тышкары, БУУӨП жашыл каржылоону өнүктүрүү үчүн ченемдик-укуктук базаны кеңейтүүнү караган 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында каржы рынокторун өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Жашыл жана климатты каржылоону кеңейтүү - бул максаттарга жетүүнүн, жеке сектордун өсүшүн жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн колдоонун орчундуу шарты.
Кошумча маалымат
БУУӨП 170тен ашуун өлкөдө жана аймактарда жакырчылыкты жоюуга, туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүгө жана институттарды бекемдөөгө көмөктөшүү менен иш алып барууда. Кыргызстанда БУУӨП “жашыл” экономика, климаттык инвестиция жана туруктуу каржылоо жаатындагы демилгелерди колдоодо.