Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Туруктуу өнүгүү

Директорлор кеңешинин төрагасынын кайрылуусу

Директорлор кеңешинин төрагасынын кайрылуусу

Урматтуу өнөктөштөр, кардарлар жана кесиптештер!

Кыргыз Республикасынын финансы секторунун лидери жана БУУ Глобалдык келишиминин катышуучусу катары таанылган "Элдик Банк" ААК ESG этаптуу трансформациялоону жүзөгө ашырат, ал бизнестин туруктуу өсүшүнө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга гана эмес, алдыңкы социалдык, экологиялык жана башкаруучулук тажрыйбаларды киргизүү аркылуу кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү үчүн узак мөөнөттүү баалуулуктарды түзүү жөндөмүбүздү бекемдөөгө багытталган.

"Элдик Банк" ААК жакынкы келечекке эсептегенде Кыргыз Республикасынын Улуттук артыкчылыктарына жана БУУнун туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө маанилүү салымдарды камсыз кылууга багытталат.

Банк ишин жоопкерчиликтүү жүргүзүү жана туруктуу өнүгүү принциптери биздин корпоративдик философиябыздын, стратегиялык пландаштыруу жана чечимдерди кабыл алуу процессинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Директорлор Кеңеши "Элдик Банк" ААК туруктуу өнүгүү жаатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууга кардарларга багытталган финансылык уюм катары умтулуусун дайыма колдойт.

Биз бардык кызыкдар тараптар менен кызматташууга ачыкпыз жана коомдун бакубаттуулугун бекемдөөгө, экологиялык жана климаттык маселелерди чечүүгө мүмкүндүк берген финансылык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө умтулабыз.

"Элдик Банк" ААК Кыргыз Республикасында туруктуу жана жашыл каржылоо жаатында негизги хаб катары өзүнүн ролун күчөтүүгө ниеттенүүдө.

 

Джыргалбек Эрмеев,

«Элдик Банк» ААК Директорлор Кеңешинин Төрагасы