Элдик Банк «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсүндө

23-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Т. Усубалиев аянтында дыйкандарды, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрүн бириктирген «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсү жана «Алтын күз» жарманкеси өтүп жатат.
«Элдик Банк» ишкерлердин жана дыйкандардын демилгелерин колдоо жана өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү максатында жыл сайын аталган иш-чарага катышып келет. Агроөнөр жай көргөзмөсүнүн салттуу өнөктөшү катары чыгып, «Элдик Банк» айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган атайын программаларды жана жеңилдетилген насыяларды, лизингдик продукцияларды сунуштайт.
Мындан тышкары, «Элдик Банк» конокторго кеңеш берип, кичинекей коноктор үчүн өзгөчө акцияны өткөрүп жатат.
«АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсүнө жана «Алтын күз» жарманкесине күтөбүз! Өткөрүлүүчү жери: Бишкек шаары, Т. Усубалиев атындагы аянты
Өткөрүлүүчү күндөрү: 2026-жылдын 23-25-октябры







