Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Global Money Week - 2026 алкагында ачык эшик күнү

03 апреля 2026

Global Money Week - 2026 алкагында ачык эшик күнү

Акча боюнча глобалдык жума - 2026нын алкагында Элдик Банктын Баткен филиалында Ачык эшиктер күнү өткөрүлдү. Иш-чаранын коноктору студенттер болуп, алар үчүн банк боюнча экскурсия уюштурулду.

Катышуучуларга мекеменин «ички» иши көрсөтүлүп, негизги процесстер менен тааныштырылып, депозит мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле банк кызматкерлери бардык суроолорго жооп беришти.

Жолугушуунун соңунда катышуучуларга активдүү катышканы жана кызыгуусу үчүн банктын эстелик белектери тапшырылды.