17 ноября 2026
Депозиттердин пайыздык чендери жогорулады

Элдик Банкта акча топтогондор үчүн жакшы жаңылык!
Биз «Сандык», «Сандык Плюс» жана «Балакай» депозиттери боюнча пайыздык чендерди жогорулаттык. Эми топтогон каражатыңыз көбүрөөк киреше алып келет!
Жаңы пайыздык чендер:
«Сандык» мөөнөттүү депозити
🔹12 ай — 11%
🔹24 ай — 12,5%
🔹36 ай — 13%
* НПЧ — 13,06%га чейин.
Толуктоо мүмкүнчүлүгү бар «Сандык Плюс» мөөнөттүү депозити
🔹12 ай — 10,5%
🔹24 ай — 12%
🔹36 ай — 12,5%
* НПЧ— 12,56%га чейин.
«Балакай» балдар депозити
Баланын атына 18 жашка толгонго чейин ачууга болот.
🔹36 ай — 11%
* НПЧ — 11,04%га чейин.
Депозиттердин валютасы: Кыргыз сому (KGS).
Депозиттердин шарттары, жайгаштыруу мөөнөттөрү жана пайыздык чендери тууралуу толук маалыматты Элдик Банктын расмий сайтынан таба аласыз.
Пландарыңызга ылайыктуу депозитти тандап, келечегиңиз үчүн каражат топтоону бүгүн баштаңыз!









