Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Eldik тиркемесинде такси айдоочулук күбөлүгүн тариздеңиз

11 июня 2026

Eldik тиркемесинде такси айдоочулук күбөлүгүн тариздеңиз

Eldik тиркемесинде такси айдоочулук күбөлүгүн тариздеңиз

«Элдик Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгы (ЖКККББ) менен биргеликте Eldik мобилдик тиркемеси аркылуу таксомотордук ишмердүүлүккө лицензияны онлайн тариздөө боюнча санариптик кызматты ишке киргизет.

Жаңы сервис мамлекеттик органдарга жеке кайрылбастан, лицензия алуу үчүн арызды аралыктан берүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт.

Лицензияны алуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу керек:

  1. Eldik мобилдик тиркемесин ачуу

  2. «Сервистер» → «Транспорт» → «Такси лицензиясы» бөлүмүнө өтүү

  3. Арызды толтуруу

  4. Мамлекеттик алымды төлөө

Арыздын кароо статусун колдонуучу бардык этаптарда тиркеме аркылуу көзөмөлдөй алат.

Лицензия жактырылгандан кийин төмөнкү ыкмалардын бири менен алуу мүмкүн:
• ЖКККББнын аймактык бөлүмүнөн кагаз түрүндө
• «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук форматта (PDF)

Бул кызмат «Элдик Банк» ААКнын каржы жана мамлекеттик кызматтарды бириктирген бирдиктүү санариптик экосистеманы өнүктүрүүгө жана калк үчүн кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган стратегиясынын алкагында ишке ашырылууда.