Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо
Элдик Банк көп жылдан бери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жеңилдетилген мамлекеттик программаларды ишке ашырууда негизги өнөктөш бойдон калууда.
Бул кызматташтыктын алкагында «Бириккен товар өндүрүүчүлөрдү каржылоо» долбоору ишке ашырылууда. Анын негизги өзгөчөлүгү — чарбаны биргелешкен негизде жүргүзүп жаткан субъекттерди колдоо.
Программанын максаттуу тобу — расмий түрдө уюшулган, биргелешкен жоопкерчиликти алып жүргөн чарба субъекттери, алар төмөнкү түзүмдөргө бириккен болушу керек:
-
айыл чарба кооперативдери
-
акционердик коомдор
-
жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК)
Программа эмне берет?
– Узак мөөнөттүү каржылоого жеткиликтүүлүк
– Жылдык болгону 6% чен менен (НПЧ - 6,16%)
– Максималдуу мөөнөт — 5 жылга чейин
– Жеңилдетилген мөөнөт – 6 айга чейин
Негизги шарттар:
-
25 млн сомго чейин — мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагындагы бириккен субъекттер үчүн
-
50 млн сомго чейин — жогорку натыйжалуу жана ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды киргизген бириккен чарбалар үчүн, анын ичинде:
-
тамчылатып сугаруу жана жамгырлатма системалар
-
күнөскана чарбачылыгы
-
айыл чарба техникасын жана асыл тукум малды лизинг аркылуу алуу
-
машина-трактор станцияларын (МТС) түзүү
-
Толук маалыматты Элдик Банктын бардык филиалдарынан же 9111 кыска номери аркылуу алсаңыз болот.
Келгиле, Элдик Банк менен бирге бириккенибиз — күчүбүз!