Климаттын өзгөрүшү боюнча Координациялык кеңештин жыйынында Элдик Банктын долбоору колдоого алынды
Элдик Банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алдындагы климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйынына Башкармалыктын Төрагасы Уланбек Ногаевдин атынан катышты.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын 2025–2028-жылдарга карата Өлкөлүк программасына кире турган долбоорлорду тааныштырды. Бул долбоорлорду келечекте дүйнөдөгү эң ири климаттык донор — Жашыл климаттык фонд тарабынан каржылоо каралууда.
Бул программага Элдик Банк демилге кылган, өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө багытталган долбоор да кирди.
Бардык сунушталган долбоорлор Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана катышуучулар тарабынан каралып, жактырылды.
Долбоорлордун бет ачарынан соң Министрлер Кабинетинин Төрагасы тиешелүү мамлекеттик органдарга бекитилген багыттарды ишке ашырууну тапшырып, иштерди баштоону тапшырды.
Элдик Банк, туруктуу өнүгүү жаатындагы демилгелердин активдүү катышуучусу катары, өлкөдөгү климаттык тобокелчиликтерди азайтууга жана экологиялык туруктуулукту бекемдөөгө багытталган жашыл каржы чечимдерин ишке ашырууну улантат.