Logo
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Көңүл буруңуз, жасалма сайт!

29 января 2026

Көңүл буруңуз, жасалма сайт!

КӨҢҮЛ БУРГУЛА, АЛДАМЧЫЛАР! Жеке жана банктык маалыматтарды уурдоо үчүн колдонулушу мүмкүн болгон фейк сайт аныкталды.

Элдик Банктын расмий сайты www.eldik.kg

Сак болуңуздар: алдамчылар банктын сайтына окшош кылып жасалма сайттарды түзүшөт.

Фейк сайтты кантип айырмалоого болот?

  • Сайттын дарегинде ката, ашыкча белгилер же шектүү сөздөр бар
  • Коопсуз байланыш жок (https жок), жабык кулпу белгиси көрүнбөйт
  • Байланыш маалыматы көрсөтүлгөн эмес
  • Орфографиялык каталар бар, эски дизайн же өзгөртүлгөн логотип колдонулган
  • Колдонуучулук келишим, төлөм же жеткирүү шарттары жок
  • Сайт негизсиз түрдө каржылык жана жеке маалыматтарды сурайт: интернет-банкингдин логини жана паролу, SMS-код, картанын CVV-коду

Өзүңүздү кантип коргойсуз:

  • Белгисиз адамдар жиберген шилтемелерге кирбеңиз
  • Расмий сайттарды сакталган закладкалар аркылуу гана ачыңыз
  • Антивирус орнотуп, дайыма жаңыртып туруңуз
  • Шек жаралса түздөн-түз банкка кайрылыңыз 9111, WhatsApp (0706) 911 111.