«Элдик Банк» «АгроТехЭкспо–2026» көргөзмөсүндө фермерге трактор тапшырды!

Элдик Банк Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүүнү улантып, фермерлерге ыңгайлуу лизинг шарттарында заманбап айыл чарба техникаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууда. Бишкекте өткөн "АгроТехЭкспо–2026" республикалык көргөзмөсүндө Элдик Банктын кардары, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну Максатбек Турдубаевге YTO NLX 1104 тракторун салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү.
Максатбек Белекович аялы менен бирге 15 жылдан бери айыл чарбасы менен алектенип, кант кызылчасын жана жүгөрүн өстүрүп, мал чарбачылыгын өнүктүрүп келет. Өз техникасын сатып алуу үй-бүлөлүк чарбаны өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп саналат: эми фермер талааларды иштетүүгө кеткен чыгымдарды азайтып, иштин натыйжалуулугун жогорулата алат. Трактор мамлекеттик "КАПК Лизинг" программасынын алкагында жеңилдетилген шарттарда – жылына 6% менен 7 жылдык мөөнөткө берилди. Элдик Банк ата мекендик фермерлерди колдоону улантып, айыл чарбасын модернизациялоого жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө салым кошот.









