Элдик Банк - Жашыл Климат Фондунда аккредитацияланган Кыргызстандагы биринчи банк

«Элдик Банк» ААК климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү багытындагы долбоорлорду климаттык каржылоонун эң ири глобалдык фонду болгон Жашыл Климат Фондунда (ЖКФ) аккредитация алган Кыргыз Республикасындагы биринчи финансылык институт болуп калды.
Аккредитация тууралуу чечими GCF (ЖКФ) Кеңеши тарабынан кезектеги отурумунда кабыл алынды. Мындай статуска ээ болуу Банктын корпоративдик башкаруу, экологиялык жана социалдык тобокелдиктерди тескөө жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келерин жана эл аралык каржылоону тартуу менен инвестициялык долбоорлордун багытын аныктоо жана аларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн тастыктайт.
Бул аккредитация Банкка ЖКФ ресурстарынан тике пайдаланууну камсыздайт жана Кыргыз Республикасына узак мөөнөттүү каржылоону тартуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Бул климаттык өзгөрүүгө туруктуулукту жогорулатууга, энергияны үнөмдөө чечимдерин, туруктуу инфраструктураны жана экономикалык башка артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүгө каралган долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
“Элдик Банк” ААК бул аккредитацияны өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүн колдоо үчүн эл аралык ресурстарды тарткан жана натыйжалуу колдонгон финансылык институт катары өзүнүн ордун бекемдөөдөгү маанилүү кадам катары карайт.
Жашыл климат фондунун Инвестициялык кызматтар департаментинин директору Ачала Абейсингхе мындай буларды белгилеп кетти:
"Биз "Элдик банк" ААКунун Жашыл климат фондунда аккредитацияланган уюм катары ийгилигине кубанычтабыз. Банктын аккредитацияга ээ болуусу Кыргызстандагы климаттык каржылоого жетүүнү кеңейтүү жана улуттук климаттык артыкчылыктарды колдоо үчүн жеке сектордун инвестицияларын пайдалануу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Жашыл климат фонду өлкөнүн климаттык аракеттерге жоопкерчилигин күчөтүү жана туруктуу инвестицияларды кеңири жайылтуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн улуттук каржы институттары менен өнөктөштүктү бекемдөөгө умтулат. Коомдун өнүгүүсүнө жараша, ЖКФда аккредитациялоонун жаңыланган системасы Фонддун өнөктөштүк моделин мындан да ачык-айкын, ийкемдүү жана натыйжалуу болуусуна көмөк болот, адилеттүүлүктү жана процесстерге өлкөнүн жигердүү катышуу принциптерин бекемдейт."
"Элдик Банк" ААКнын Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев:
"Жашыл Климат Фондунда аккредитациядан өтүү Элдик Банк үчүн маанилүү институционалдык натыйжа болуп саналат. Бул Банктын эл аралык стандарттарга шайкеш келерин жана глобалдык климаттык каржылоо инструменттери менен иштөөгө даяр экенин тастыктайт.
Биз бул статусту узак мөөнөттүү ресурстарды тартуу жана аларды Кыргыз Республикасынын экономикасы үчүн системалык мааниге ээ болгон долбоорлорго багыттоонун практикалык механизми катары карайбыз. Биздин милдетибиз - бул каражаттарды туруктуу өнүгүүнү колдоо жана өлкөбүздүн климаттык туруктуулугун жогорулатуу үчүн натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууну камсыздоо".













