Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк Айым-ишкерлерди каржылоо кодексине кошулду

04 июля 2025

Элдик Банк Айым-ишкерлерди каржылоо кодексине кошулду

2025-жылдын 4-июлунда Элдик Банк Women Entrepreneurs Finance Code (WE Finance Code) аттуу глобалдык демилгеге кошулду. Бул демилге айымдардын каржы булактарына жетүүсүн кеңейтүүгө жана ишкердик жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган.

Кыргызстанда бул демилге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕБРР) демилгеси менен ишке ашырылууда. Программа эл аралык уюмдардын колдоосу менен дүйнөнүн 30дан ашык өлкөсүндө жүзөгө ашууда. Кыргызстанда бул кадам инклюзивдүү экономиканы түзүүгө жана аялдардын бизнес тармагындагы ролун жогорулатууга шарт түзөт.

Элдик Банктын атынан панелдик сессияда Айчүрөк Жакыпова, Башкармалыктын төрагасынын орун басары чыгып сүйлөп, айым ишкерлер үчүн иштелип чыккан «Ишкер-Айым» программасын сунуштады. Ал банктар тарабынан системдүү колдоонун маанисин белгиледи.

Элдик Банк ESG-стратегиясынын алкагында туруктуу өнүгүүнү, гендердик теңчиликти жана социалдык жоопкерчиликти колдойт.