Элдик Банк «Дордой» базарында Экспортту камсыздандыруу борборунун ачылышына катышты
Өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү окуя болуп, 2024-жылдын 20-мартындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин №79 Жарлыгы менен «Камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар» аттуу долбоорунун алкагында Экспортту камсыздандыруу жана каржылоону ишке ашыруу борбору ачылды. Бул иш-чара жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү жана ишкерлерди колдоо боюнча маанилүү кадам болуп, экспорттук операцияларды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууну көздөйт.
Тантаналуулук ачылыш учурунда жергиликтүү экспортчуларды колдоого багытталган бир нече финансылык каражаттар сунушталды, алардын арасында тышкы сооданы камсыздандыруу жана каржылоого байланыштуу продуктылар өзгөчө орунду ээлейт. Элдик Банк, ишкердик чөйрөсүнүн ишенимдүү өнөктөшү катары, ошондой эле факторинг, бизнес үчүн кредиттер жана «Ишкер-айым» аттуу айым ишкерлерге арналган атайын программасын тааныштырып, чакан жана орто бизнеске колдоо көрсөтүүчү каржылык продуктуларын көрсөттү.
Иш-чаранын катышуучулары «Дордой» базарындагы негизги экспортчулар болуп, жаңы финансылык чечимдердин маанилүүлүгүн жогору баалашты. Экспортчулар мындай демилгелер алардын ишинде чоң мааниге ээ экенин белгилешип, бизнесин кеңейтүү жана эл аралык рыноктордогу ордун бекемдөө үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү берүүдө маанилүү ролду ойнойт деп айтылды.
Жаңы борбор экспорточу ишкерлер үчүн тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана келишимдерин тобокелдиктерден коргоого көмөктөшүүчү негизги аянтча болуп калат.
Экспортту камсыздандыруу борбору бизнеске заманбап каржылык коргоо каражаттарына, анын ичинде экспорттук келишимдерди камсыздандырууга, валюталык тобокелдиктерди азайтууга жана төлөм кепилдиктерине кирүү мүмкүнчүлүгүн берет. Бул, өзгөчө, эл аралык рыноктордо иш алып барган ишкерлер үчүн маанилүү, анткени туруктуулуктун жоктугу жана күтүлбөгөн кырдаалдар каржылык натыйжаларга терс таасир этет.
«Биз бул демилгеге катышканга жана ишкерлерди өсүүгө түрткү берүүдө колдоого алууга кубанычтабыз. «Дордойдо» экспортту камсыздандыруу борборунун ачылышы бизнеске негизги тобокелдиктерден коргонуу менен иштөө үчүн ишенимдүү жана туруктуу шарттарды түзүүгө жардам берет», – деп белгиледи Элдик Банктың Биринчи орун басары Турдалиев Акылбек Беримкулович.