Элдик Банк Айыл чарба министрлиги менен кызматташуу келишимине кол койду
«Элдик Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен «iDyikan» («АйДыйкан») санарип платформасын ишке киргизүү боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол койду.
Бул платформа фермерлер үчүн жеңилдетилген каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана кредит алууга өтүнмөлөрдү кароонун бирдиктүү санарип механизмин колдонууга багытталган.
Макулдашууга ылайык, Элдик Банк «iDyikan» аркылуу өтүнмөордү каттоо, эсепке алуу жана коштоо системасын ишке ашырууга катышат. Эми жеңилдетилген кредит алуу үчүн аталган платформада катталуу милдеттүү болуп саналат, ал эми өтүнмөлөр санарип форматсында гана каралат.
Платформанын оператору болуп «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси саналат жана ал системанын техникалык инфраструктурасын жана коопсуздугун камсыздайт.
«iDyikan» платформасында иш алып баруу төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү түзөт:
— фермерлер үчүн өлкө боюнча жеткиликтүүлүктү кеңейтет;
— автоматтык кезек аркылуу ишти ылдамдатат;
— ар бир этапта ачык жана түшүнүктүү болуп турат.
Бул агроөнөр жай секторун өнүктүрүүдө жана мамлекеттик колдоо программаларынын натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү кадам болуп саналат. Элдик Банк фермерлер үчүн каржылык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана алар үчүн заманбап шарттарды түзүү аркылуу санарип трансформация стратегиясын ишке ашырууну улантууда.








