Перейти к содержимому
Элдик Банк
Элдик Банк
Жеке адамдар
Юридикалык жактар

Башкы бет

Жаңылыктар жана жарнамалар

Элдик Банк - Финансылык коопсуздук боюнча республикалык олимпиаданын өнөктөшү

15 апреля 2026

Элдик Банк - Финансылык коопсуздук боюнча республикалык олимпиаданын өнөктөшү

15-апрелде И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде студенттер арасында Финансылык коопсуздук боюнча республикалык олимпиада болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борбору тарабынан уюштурулду.

 

Элдик Банк иш-чаранын өнөктөшү катары жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди туруктуу колдоп келет.

 

Олимпиаданын алкагында Элдик Банк жеңүүчүлөргө белектерди тапшырды. Ошондой эле, студенттерге «Мен кыялым үчүн топтойм» аттуу акция тууралуу маалымат берилди, ал каражатты топтоо маданиятын калыптандырууга жана финансылык максаттарга жетүүгө багытталган.

 

Мындай билим берүү демилгелери студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатууда жана коопсуздук негиздерин түшүнүүсүндө маанилүү роль ойнойт.

 

Элдик Банк, аманат ишин сактоочу катары, 100 жылдык мааракесинин алкагында финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө жана каржы топтоо маданиятын калыптандырууга багытталган демилгелерди колдоону улантат.